Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Таласта мөндүр 500 миңден сомдон ашык чыгым алып келди


Мөндүр.
Мөндүр.

Талас шаары мөндүр жана катуу шамалдан тарткан чыгымы 500 миң сомдон ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 10 чакты үйдүн чатырындагы шиферлерди шамал учуруп кеткен. Айрым үйдүн терезелерин мөндүр чаап кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын адистери мөндүрдөн жабыркаган Ак-Жар, Таш-Арык, Чолпонбай, Өзгөрүш айылдарындагы чыгымдарды эсептеп жатышат.

9-май күнү Таластын айрым айылдарында мөндүр аралашкан жаан жааган. Бармактай болгон мөндүрдөн облустун эгин-тегин талаалары жабыркады. (SS)

XS
SM
MD
LG