Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Республикалык тестирлөөгө 48 миңден ашык мектеп бүтүрүүчүсү катталды


Мектеп бүтүрүүчүлөрү.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү.

Быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңден ашык мектеп бүтүрүүчүсү катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтуусунда, быйыл тестирлөө үч этап менен жүргүзүлүп, негизги туру 17-19-май жана 21-22-майда жүргүзүлөт. Кошумча каттоонун негизинде сынак 23-24-июнда өткөрүлөт.

Министрдин айтуусунда, учурда тестирлөөнү жүргүзүү боюнча 124 тестирлөө борбору ачылып, даярдыктар иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга өтүү босогосу упайларды жогорулатуу боюнча сунуштар болуп келгенин эске салган Сариева быйыл тестирлөө жоболору өзгөрүүсүз калтырылганын маалымдады.

Кыргызстанда 15 жылдан бери жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүп келет. Бул тестирлөө жыйынтыгы менен абитуриенттер жогору окуу жайларына тапшыра алышат.

Быйыл мектепти 62 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG