Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

БУУ Ооганстандагы алты талиптин өлүм жазасына тартылышына тынсызданды


Ооган коопсуздук күчтөрү.
Ооган коопсуздук күчтөрү.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлү Руперт Колвилдин 10-майдагы билдирүүсүндө өлүм жазасына тартылган алты талиптин ишин кароодо адилет соттук териштирүү принциптери сакталышы боюнча күмөндүү жагдайлар болгону айтылат.

Колвиль кылмышка шектүүлөрдү суракка алууда аларды моюнуна алдыруу үчүн кыйноолор колдонулганы боюнча маалыматтар бар экенин билдирди.

Ошондуктан БУУнун өкүлү ооган бийликтерин кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча чечимден баш тартып, мораторий киргизүүгө чакырды.

Ооганстанда алты талип согушкери 8-майда өлүм жазасына тартылган. Ооган бийликтери тынч тургундарга карата оор кылмыштары үчүн өкүм өлкөнүн Баш мыйзам жана ислам эрежелерине ылайык ишке ашырылганын кабарлаган.

Президент Ашраф Гани өткөн айда Кабулдагы согушкерлердин ири чабуулунан соң аларга жаза катаалданарын убада кылган. Анда 64 адам ажал таап, 340тан ашыгы жарат алган.

XS
SM
MD
LG