Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Молдова Приднестровьедеги парад боюнча Орусияга нааразылык билдирди


Тирасполдогу орусиялык аскерлер.
Тирасполдогу орусиялык аскерлер.

Молдова орус аскерлеринин өз алдынча көз карандысыздыгын жарыялап алган Приднестровье аймагында 9-майда Жеңиш күнүнө карата аскердик парадга катышканына нааразылык билдирди. Молдованын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө орус аскерлеринин Тираспол шаарындагы парадга катышы “Орусия өзүнө алган милдеттенме жана эл аралык нормага каршы келет” деп айтылган.

Молдованын тышкы иштер министри Андрей Галбур Кишинев буга чейин Орусиядан өз аскерлерин 9-майдагы аскердик парадга катыштырбоону талап кылганын билдирди.

Молдованын өз алдынча көз карандысыздыгын жарыялап алган Приднестровье аймагында Орусиянын бир жарым миңдей аскери бар. Алардын 380и тынчтык орнотуучу эл аралык күчтөрдүн аскери деген макамга ээ, калганы Орусиянын бул жерде Совет доорунан бери турган аскер бөлүгүнүн жоокерлери.

XS
SM
MD
LG