Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

ТИМ: Түркияда кыргызстандыктардын визасыз жүрүү мөөнөтү кыскартылган жок


Түркия.

Түркия.

Түркия Кыргызстандын жарандарына визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча эч кандай расмий маалымат бере элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын расмий жана дипломатиялык каналдар аркылуу кыргызстандык жарандардын Түркияда визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө кыскартуу боюнча эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес.

“Визасыз жүрүүнүн мөөнөтү кыскарганы тууралуу кабар расмий тастылбаган маалымат”,- деп билдиришти Башкы дипломатиялык мекемеден.

Буга чейин түркиялык маалымат каражаттары Түркия Европа биримдигинин шарттарын аткаруу үчүн Кыргызстан жарандарынын визасыз жүрүү мөөнөтүн 90 күндөн 30 күнгө кыскартылганын кабарлашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG