Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин саясий кеңешмесинде кош тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери каралары күтүлүүдө. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, кыргызстандык делегацияны министрликтин биринчи саясий департаментинин жетекчиси Айбек Молдогазиев, ал эми өзбекстандык делегацияны КМШ мамлекеттери менен кызматташуу башкармалыгынын башчысы Махамаджон Ботиралиев жетектөөдө.

Өткөн айда кыргыз өкмөтү Өзбекстан пайдаланып келген бир катар объекттерин кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алган. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө чейин он эки объект толугу менен кайтарылып алынган, калгандарын кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG