Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кыргызстан менен Ливан футболдук мелдеши өтпөйт


Топ тебүү.
Топ тебүү.

Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын 2-июнда Бишкекте өтө турган жолдоштук беттеши болбой калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, беттештин өтпөй калышына Ливандагы саясий окуялар себеп болгон. Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы 2016-жылы Кыргызстандын улуттук курамасы менен Өзбекстан, Катар, Казакстан, Бахрейн, Филиппин, Польша, Ливан, Хорватия, Бириккен Араб Эмирлиги, Вьетнам өлкөлөрүнүн курамалары менен 8 жолдоштук беттешти өткөрүү пландалып жаткандыгын маалымдаган.

Алты беттеш Бишкекте, эки беттеш Филиппин менен Бахрейнде өтөрү сүйлөшүлүп жаткандыгы айтылган. Бул оюндар 2017-жылы баштала турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык катары өтөт. Азия кубогу үчүн финалдык оюндар 2019-жылы Катарда өтөт.(ECh)

XS
SM
MD
LG