Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Ысык-Көлдө милиция кызматкери тууганын атып салды


ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда бул окуянын себеби иликтенүүдө.

Окуя Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында болгон. 30 жаштагы милиция кызматкери табелдик куралын колдонуп 36 жаштагы тууганын атып салган. Ок тийген жаран ошол жерде мүрт кеткен.

Такталбаган маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгуусуна туугандар арасындагы чатак себеп болгон. Тууганын атып алган милиционер тартип коргоо органдарына өзү келген.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG