Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Өткөн жылы 228,9 миллион сомдук алтын куймалары сатылган


Алтын куймасы.
Алтын куймасы.

Улуттук банк бул акчага 85,1 килограмм алтын куймаларын сатканын банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, 2015-жылы Улуттук банк алгачкы жолу алтын куймаларын сата баштаган. Алтын куймаларына суроо-талап убакыт өткөн сайын өсүүдө.

2015-жылдын 7-майынан тартып 85,1 кг алтын куймасы сатылган. Улуттук банк бул убакта өзү 39,3 кг алтын сатып алган. Ошондой эле бул долбоорго коммерциялык банктарды тартуу максатында Улуттук банк үч коммерциялык банкка алтын куймаларын сатып, сатып алуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын лицензия берген. Коммерциялык банктар мындай операциялар үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Куймаларга суроо-талаптын өсүүсүнө байланыштуу Улуттук банк күмүш куймаларын чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG