Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Журналисттер: Фашизм чагылдырылууга тийиш


Сүрөттө: улутчулдар Москвадагы метродо кыргыз мигранттарын сабап жатат
Сүрөттө: улутчулдар Москвадагы метродо кыргыз мигранттарын сабап жатат

Маалымат коопсуздугуна арналган жыйында Москвадагы скинхеддер тууралуу берилип жаткан маалыматтар улут аралык мамилеге доо кетирет деген пикирлер айтылды.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаев соңку учурда Москвадагы такырбаштардын улутчулдук катары кыргыз мигранттарына карата мамилесинин ММКдан чагылдырылышы өлкөдө улут аралык мамилеге доо кетирип жатат деген пикирин билдирди. Анын пикири боюнча, мындай маалыматтар жергиликтүү орустарга зыяны тийип калуусу мүмкүн.

Журналисттер вице-мэрдин сөзүнө кошулган жок. Алардын айтымында, президент баш болуп көтөрүп жаткан бул маселеге кайдыгер кароо туура эмес. Кыргыз жарандарынын да таламын талашып, окуяга туура көз караш берип, токтотууга көмөк берүүгө тийиштигин белгилеген журналисттер ошол эле учурда маалымат улут аралык кастыкка жол бербөөгө тийиштигин айтышты.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG