Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Өзгөндө автоунаа кырсыгынан атасы менен кызы набыт болду


Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктардын бири.

Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктардын бири.

Бишкек-Ош жолунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тушунда «КамАЗ» жүк ташуучу унаасы менен «Хюндай Гетс» жеңил унаа кагышкан. Окуя 10-майда саат 22:30 чамасында болгон. Натыйжада жеңил автомашинанын айдоочусу 43 жаштагы Шералы Маматов жана анын кызы Шералы кызы Асел оор жаракат алып, Куршаб аймактык ооруканасында каза болушту. Ал эми айдоочунун келинчеги Каныкей менен уулу Шералы уулу Темирлан оор жаракат алышкан. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иштешти.

Бишкек-Ош автожолунда дээрлик күн сайын киши өлүмү коштолгон автокырсыктар катталып турат. Буга эң ириде айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы себеп экени айтылып келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG