Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Тажикстанда сел үч адамдын өмүрүн алды


Тажикстандын Согди облусунда 9-май күнү жүргөн селдин айынан үч адам каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча штаб белгилегендей, нөшөрлөгөн жаан менен кошо катуу шамал болгон. Табигый кырсыктан көбүнчө Айни менен Пенжикент айылдары жабыркаган. Катуу жаандан жаралган суулар унаа жолун жууп кетип, ушул тапта Айни районунун административдик борборуна барчу жол жабык турат. Ондогон үй, мектептер жана ооруканалар, коомдук маанидеги башка объекттер, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жабыр тартты.

Тажикстандын гидрометеорология алдыдагы эки күндө өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында нөшөрлөгөн жаан менен катуу шамал болорун эскертишти. Жаандан улам Кофарнихон, Варзоб, Хингоб, Яхсу жана Кызылсуу дарыялары чегинен чыгып кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG