Азербайжан Европа чөлкөмүндөгү мамлекеттер арасынан сексуалдык азчылык өкүлдөрү үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды. ЛГБТ коомунун укуктары боюнча ILGA-Europe Rainbow Index изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, Азербайжандан кийинки эң начар көрсөткүч Армения менен Орусияга таандык. Укуктар тең сакталган алдыңкы үч мамлекет - Мальта, Белгия жана Британия.
Чөлкөмдөгу 49 мамлекет арасында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы 10-майда жарыялады.
Азербайжанда бир жыныстуулардын мамилесине мыйзам менен тыюу салынган эмес. Бирок адистер быйыл кумсаларды жек көрүү тенденциясы өскөнүн, сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата атайын жасалган кылмыштар көбөйгөнүн белгилешет.