Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Активисттер "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга каршы акцияга чыкты


Жарандык коом мыйзам долбооруна каршы буга чейин да митингге чыгышкан
Жарандык коом мыйзам долбооруна каршы буга чейин да митингге чыгышкан

Жогорку Кеңештин алдына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигине жана жарандык коомдун активдүүлүгүнө бут тосот деп белгилешти. Алар парламент депутаттарын бул мыйзамды колдобоого чакырышты.

Түштөн кийин жарандык коом чукул форумга чогулуп, анда Кыргызстанга түрдүү багытта грант берип келе жаткан эл аралык ири донорлорго кайрылуу жолдошту. Анда ири суммадагы гранттарды өлкөгө берерден мурун, Кыргызстанда адам укуктары сакталуусуна көңүл буруу жана бул тууралуу отчетту кыргыз бийлигинен талап кылуу тууралуу айтылган.

Буга чейин "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбоору парламенттин жалпы отурумунда эки окууда жактырылган. Аталган мыйзам бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алат. 10-май күнү аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети 3-окууда колдогон. 12-майда палатанын жалпы отурумунда каралары күтүлүүдө.

Мыйзамдын тарапкерлери болсо, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн чочулоого негиз жоктугун белгилеп келишет.(KR;ZKo)

XS
SM
MD
LG