Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

ИМ тобу смартфондор үчүн балдарга арналган тиркеме чыгарды


Колго түшкөн ИМ согушкери
Колго түшкөн ИМ согушкери

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Android базасында балдарга арналган тиркеме чыгарды. Би-Би-Си тараткан кабарга ылайык, жихадчылар жаңы тиркеме жөнүндө социалдык түйүндөрдө маалымдап, аны жүктөп алуу үчүн шилтемелерди жигердүү жарыялоодо.

Программа балдардын араб тилин үйрөнүүсүнө жардам берет. Ар бир тамга сүрөттөр жана үндөр менен коштолгон. Маселен, бала тамгалардын бирин басса, мылтыктын арабча айтылышы угулат. Башка тамгада танктын сүрөтү тартылган.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Android базасындагы телефондор үчүн тиркемени буга чейин да чыгарган болчу. Анын жардамы менен бул топтун тарапташтары жихадчылардын акыркы жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан.

XS
SM
MD
LG