Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызстан
Кыргызстан

16-майга чейинки аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

12-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүзү 19…24 градус,

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүзү 18…23 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүзү 19…24 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүзү 14…19 градус жылуу болот.

Тоолуу Нарында түнкүсүн 3…8, күндүзү 15…20 градус,

Ал эми Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүзү 12…17 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7 суук, күндүзү 0…5 градустун айланасында жылуу болот.

12-майда Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 20…22° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG