Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Багдад: базардагы жардыруудан ондогон өмүрлөр кыйылды


Жардыруудан кийин
Жардыруудан кийин

Ирак баш калаасы Багдаддын Садр районундагы ачык базарда бүгүн унаа жардырылып, ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Бир канча имараттарга жана машинелерге зыян келди. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.

Reuters агенттиги Ирак полициясына таянып, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди.

Экстремисттик топтун он-лайн билдирүүсүндө шиит кошундары бутага алынганы белгиленет.

Ирактын түндүк бөлүгүндөгү көп аймакты ээлеп турган сунниттердин экстремист топтору шииттер жашаган жерлерге чабуул коюп келишет.

XS
SM
MD
LG