Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

«Панама документиндеги» кыргызстандыктар


Иллюстрация
Иллюстрация

"Панама документтеринде" жарыяланган маалыматтарды "Азаттык" да иликтеп, бир катар офшордук компанияларга кыргызстандыктардын тиешеси бардыгын аныктады.

«Панама документтеринде» көрсөтүлгөн даректерОфшорго тиешеси бар маалыматтар топтомундагы кыргызстандыктар катарында Владимир Никоновдун аты аталган, Австриянын ардактуу консулу, Victoria Art менен Valmeca Universal эки транспорттук-экспедитордук ЖЧК жетекчиси.

Никонов тууралуу, анын эмне иштер менен алектенип жатканы жайында алдыда "Азаттыкта" атайын кеп болот.

Башка офшорлор тууралуу кеп кылсак, үстүрт көз жүгүртүү Кыргызстанга тиешелүү жети даректи алдыга жайды. Эми алардын дарек-дайыны, ага байланышкан адамдар менен офшорлор тууралуу кепке өтсөк.

1. Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Маликов көчөсү, 25.

"Панама документтеринин" маалымат топтомунда кайсы бир Шапай Акматалиев деген адам катталган. Ал Krant Partners Ltd компаниясынын жападан-жалгыз акционери, компания Британиянын Виргин аралдарында катталган.

Фирма 2008-жылдын 20-июнунда катталып, бирок 2010-жылдын 31-октябрында кудуретсиз деп табылган. Ошол эле жылдын 9-ноябрында Британиянын Виргин аралдарындагы каттоодон чыгарылган.

Krant Partners Ltd түзүүдө ортомчу компания катары Goldstar Equity Ltd фирмасы чыккан. Ал Krant Partners Ltd активдерин офшордун кардарларынын атынан башкаруу укугуна ээ болгон.

Goldstar Equity Ltd өзү 1335 офшордук компаниялардын ортомчусу болуп иштеген. Интернет аркылуу издөө фирманын Ирландия менен Белизде офистери бардыгын же бар болушу мүмкүн экендигин көрсөттү. Компания кеп-кеңеш берүү менен алектенет.

Мындан тышкары Шапай Акматалиев Aspresal Limited компаниясынын да акционери болуп чыкты, бул фирма да Британиянын Виргин аралдарында катталган. Бирок ал 2005-жылдын 30-декабрынан 2016-жылдын 30-декабрына чейин гана иштеген.

Бул компаниянын экинчи акционери Сейшель аралдарында катталган Unico Limited болчу. Анын Aspresal Limited компаниясынан башка да 20 фирмасы бар экен.

2. Аламүдун району, Лебединовка айылы, "Кырман" жаңы конушу, 474.

Бул дарек боюнча Нургүл Расулова деген айым катталган. Бул айым Кыргызстан элдик-демократиялык партиянын (КЭДП) атынан 2010-жылкы шайлоого катышты окшойт.

Маалыматтар топтомунда Расулова Британиянын Виргин аралдарындагы эки офшордун — Aviation Technical Support Limited менен Hort Group Limited компанияларынын жападан-жалгыз акционери деп көрсөтүлгөн.

Компаниялардын бири 1996-жылдын сентябрында уюшулуп, 2008-жылдын апрелинде жоюлган. Кардарлар атынан келген ортомчу швейцариялык Pennone & Partners S.A. фирмасы болчу, анын ортомчулук кызматынан 150 компания пайдаланган.

Ал эми Hort Group Limited 2008-жылдын 20-июнунда уюшулган, 2010-жылдын 31-октябрында кудуретсиз деп табылган. Андан көп өтпөй 9-ноябрда жоюлган. Баарынан кызыгы, бул компаниянын уюштурулушу менен жоюлушу Krant Partners Ltd фирмасыныкына коёндой окшош болуп атышы.

Бул ирет да ортомчу катары жогоруда аты аталган Goldstar Equity Ltd компаниясынын кошулуп калганын айтпайсызбы.

3. Бишкек, Тынчтык проспекти, 91 - 69.

Бул даректе Улукбек Рысбаев деген жаран катталган. Интернет издөөдөн чыккан маалымат, ал же аты-жөнү окшош Улукбек Жогорку Кеңештин депутаты Рустам Мамановдун уулу.

Документтерге ынансак, Рысбаев Самоада катталган Zengr Limited компаниясынын акционери. 2012-жылдын февралында түзүлгөн, ушу тапта ишин улантып аткан фирма.

Zengr Limited фирмасынын акционери катары Рысбаевден башка Mossfon Subscribers Ltd фирмасы, анан кайсы бир Ай Кен А Химаити деген жаран көрсөтүлгөн. Акыркысы Кытайдын Үрүмчү шаарында катталган.

Самода катталган Mossfon Subscribers Ltd компаниясынын канаты кенен жайылып, дүйнөнүн 3882 фирмаларынын акциясына ээ.

Мындан тышкары Zengr Limited компаниясы менен Orion House Services (HK) Limited компаниясы ортомчу катары иштешет. Ал мындай кызматты 7016 башка компанияларга да ийгиликтүү көрсөтүп келе жатат.

4. Бишкек, Бөкөнбаев көчөсү, 8, 74-батир.

"Панама документтеринде" бул дарек боюнча Сергей Петраков катталган. Ал дагы Британиянын Виргин аралдарында катталган Nomicos Enterprises Corp фирмасынын жападан-жалгыз акционери.

Бул компаниянын ортомчусу катары Unitrust Corporate Services Ltd көрсөтүлгөн. Анын ортомчулугу жаамы дүйнөгө жайылып кеткен 680 фирмага өтөт.

Nomicos Enterprises Corp 2011-жылдын ноябрында түзүлгөн, ушу тапта ишин улантууда.

5. Эски маалыматтар

Жарыяланган маалыматтар топтомунда Бишкектен дагы үч дарек көрсөтүлгөн. Бирок, алардын "Панама документтерине" тиешеси жок. Себеп дегенде, алар 2013-жылы жарыяланган. Эки дарекке кайсы бир Эрмек Исманкулов менен Руслан Турбатов дегендер катталган. Булар жоюлуп кеткен Sheracson Consulting офшордук компаниянын акционерлери болчу.

Булардан тышкары бул фирманын акционерлеринын катарында мына бул кыргызстандыктар бар: "Электр станциялары ААК мурдагы жетекчиси Аман Тентиев, "Альфа Телеком" ("Мегаком" аты менен белгилүү) компаниясынын мурдагы баш директору Азамат Мурзалиев, башка жарандар Эрмек Коңурбаев менен Алия Керимбаева.

Офшордук аймакта катталган компанияны "бир гана мыйзамсыз жол менен аракеттенет деп эсептөө жаңылыш пикир" деген ишкер Тентиев мунун артыкчылыгы катары салыктын жоктугун жана дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн буга чейин "Азаттыкка" берген маегинде айткан:

- Орусиядагы жана Англиядагы компаниялардын бардыгы офшордогу компанияларда катталган. Бул дүйнөдө жакшы тажрыйба катары саналат. Бизде болсо, офшорго чыкса эле “мунун бир мандеми бар, жашырган бир нерсеси бар” деп ойлошот. Чынында андай эмес, бизде офшор дегенди туура эмес түшүнүп жатышат.

Мурзалиев 2000-жылдардын башында Кипрде катталган эл аралык холдинг компания Борбор Азия өлкөлөрүндө иш жүргүзүүнү көздөп, аны жумушка чакырганын "Азаттыкка" түшүндүрдү.

“Аталган компания убагында жумушка чакырган болчу. Бирок компания каттоодон өткөнү менен ишке кирбестен эле кайра жабылган”,- деди Мурзалиев.

Мындан үч жыл илгери жарыяланган маалыматтарда мурдагы президент Аскар Акаевдин келини Сайкал Акаева тууралуу да маалымат келтирилген. Анда Сайкал кайсы бир Асель Бактыбек менен биргеликте Minden Business Limited фирмасынын акционери деп маалымдалган. Бул фирма да 2004-жылдан ушу азырга чейин иштеп келатат.

Дагы бир кыргызстандыктын аты аталууда, Ангелина Ли, Danum Solis Ltd фирмасынын акционери жана директору.

Кыргызстанга тиешелүү жаңы офшорлорду ачыкка чыгаруу боюнча тийиштүү документтер менен иштөөну редакция уланта бермекчи.

Белгилей кетчү бир жагдай, офшордо катталуунун өзү кылмыштуу иш-аракет катары эсептелбейт.

XS
SM
MD
LG