Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту


Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен, 11-май,

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен, 11-май,

Жолугушуу Дүйшөмбү шаарындагы Улуттар сарайында өттү. Жолугушууда тажик президенти Эмомали Рахмон «CASA-1000» долбоорунун Кыргызстан менен Тажикстан үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин саламын айтты. Ал ошондой эле долбоордун ишке ашырылышы - ага катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Жолугушууда мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бир катар кызматташуу маселелери да талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына кошумча дем берерин билдирди.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 11-майда Тажикстанга эки күндүк иш сапар менен барды. Ал «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат, иш-чара Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун, Пакистан жана Афганистандын лидерлеринин катышуусунда өтөт.

Ошондой эле сапар алкагында өкмөт башчы Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла менен жолугушуусу күтүлүүдө. Анда кыргыз-ооган кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечек багыттары талкууланат.

«CASA 1000» аймактык долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды бириктирип, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары аркылуу электр энергиясын берүүгө багытталган. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд АКШ долларын түзөт, Кыргызстандын үлүшү 233 млн АКШ долларын түзөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG