Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Чет элде жүргөн өзбекстандык өспүрүмдөр мекенине кайтарылат


Өзбек балдар
Өзбек балдар

Өзбек бийлиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдө мыйзамсыз жашап жүргөн өспүрүмдөрдү мекенине кайтаруу боюнча буйрук чыгарды. Президент Ислам Каримов кол койгон бул документте Өзбекстандан чыгып кеткен 18 жашка чейинки улан-кыздарды мекенине кайтарууда КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жардамына таянып иш кылышы ыктымал. Расмий кабарларга ылайык, чет элдеги өспүрүмдөрдү аныктоо жана Өзбекстанга алып келүү милдети Ички иштер министрлигинин чет элдеги өкүлчүлүктөрүнө жүктөлгөн.

Өзбекстандагы Казакстандагы элчилигинен билдиришкендей, сөз ата-энесинен алыс же башка тарбиялоочу адамы жок балдар жөнүндө болууда.

КМШ мамлекеттери арасында өспүрүмдөрдү мекенине кайтаруу боюнча макулдашууга 2002-жылы кол коюлган.

XS
SM
MD
LG