Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Тендер чырына байланышуу токтоп калган Балыкчы-Корумду жолунун курулушу жанданат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров билдирди. Анын айтымында, жолду курулушун улантуу боюнча өкмөт 100 миллион сом бөлдү. Бул каражат жолду оңдоп жаткан компанияга которулуп, жолдун курулушун бүгүнтөн тарта жанданары күтүлүүдө.

Балыкчы-Корумду жолунун оңдоо иштери былтыр күзүндө башталган. Ал боюнча өткөрүлгөн тендерде кытайлык Лонг Хай компаниясы утуп алган. Жолду оңдоонун жалпы баасы 6,8 миллиард сом деп бааланып, ал каражат өлкө бюджетинен бөлүнмөк.

Бирок былтыр жыл аягында Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрү тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар орун алганын билдирген. Бирок өкмөт жана тендердик комиссия мындай дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан соң Темир Сариев өз арызы менен кызматтан кеткен болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG