Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Бишкекте кыргыз-иран алакасы талкууланууда


Тегерандагы "Аптаптуу шаар" китеп эстелиги.

Тегерандагы "Аптаптуу шаар" китеп эстелиги.

Бүгүн Бишкекте кыргыз-иран өкмөт аралык комиссиясынын 11-жыйыны өтөт. Бул тууралуу аталган комиссиянын Кыргызстан тараптан төрагасы транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, комиссия жыйынында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий байланыштын маселелери талкууланууда. Жыйын соңунда документтерге кол коюлат.

Ирандык делегацияны Жолдор жана аймактык өнүктүрүү министри Аббас Ахунди жетектеп келди.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылы 100 миллион долларга жакын каражатты түздү.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG