Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Багдаддагы жардыруулардан 93 адам мерт болду


Багдад.
Багдад.

Ирактын борбору Багдадда үч автоунаа жарылуусунан кеминде 93 адам мерт болду. Алгач шииттер жашаган Садр-Сити районундагы базарда эл көп чогулган маалда автоунаа жардырылган. Андан 63 адам ажал таап, 80ден ашыгы жарадар болду. Түштөн кийин полициянын көзөмөл пункттарында эки жарылуу болуп 30 адам набыт кетти.

Алардын бири Кадимях деген шииттер көп жашаган райондо болсо, экинчи суниттер басымдуулук кылган Жамия чөлкөмүндө өттү.

Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алды. Автоунааларды жанкечтилер айдап барып, өздөрүн жардырып жиберишкен.

XS
SM
MD
LG