Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

АКШ Румынияда ракетадан коргонуу системасын ишке киргизет


Румыниядагы АКШ аскери
Румыниядагы АКШ аскери

АКШ Орусиянын тынчсыздануусуна карабай Европада ракетага каршы коргонуу системасы иштей баштаганын (ПРО) расмий жарыялайт.

Бүгүн АКШ жана НАТОнун өкүлдөрү Румынияга чогулуп, бул өлкөдө жайгашкан ракетага каршы коргонуу системасынын ишке кириши боюнча маалымат берет.

Буга чейин орус бийликтери Румыниядагы америкалык ракетага каршы системанын ишке берилишине каршы чыгып, бул Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудурарын билдирген.

Москва бул система Орусияга каршы колдонулушу мүмкүн деп чочулап, Вашингтонду кыска жана орто аралыкка атылчу ракеталарды жайгаштыруу боюнча келишимди бузуп жатат деп айыптоодо.

Румынияда жайгашкан кургактагы ракетага каршы коргонуу системасы АКШ үчүн Ирандын баллистикалык ракеталарынан коргонууда маанилүү экени айтылган.

Кошмо Штаттар ошондой эле 13-майда Польшада экинчи ПРО системасын курулушун баштаганы жатат. Бул системанын 2018-жылга чейин бүткөрүү пландалууда. Мындай аракеттер НАТОнун Орусия Крымды аннекциялаган соң Польша жана Балтика жээгиндеги өлкөлөргө коргонуу аракетин күчөтүүгө багытталган.

Буга жооп иретинде Орусия да аймакта өз таасирин күчөтүү аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG