Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Салянова: Жаңы мыйзам жарандык коомду көзөмөлдөөгө шылтоо болот


Аида Салянова
Аида Салянова

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова парламентте “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун талкулоо учурунда билдирди. Анын айтымында, талкууга коюлган мыйзам долбоору толук кандуу иштелип чыккан эмес жана андагы кемчиликтер өлкөдөгү жалпы бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөгө шылтоо болот. Ошондуктан депутат мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырды.

Ал эми депутат Галина Скрипкина мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдардын каржы булактарын ачыктоого гана багытталганын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоор үчүнчү окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага бүгүн түштөн кийин добуш берилет.(BkA)

XS
SM
MD
LG