Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Каракалпакстандын Нукус районунда нак акча жоктугунан мугалимдерге маянанын ордуна жөжө берилүүдө.

"Азаттыктын" өзбек кызматына атын жашырын калтыргысы келген адам жөжөлөр базар баасынан эки эсе кымбат берилип жатканын айткан.

Өткөн жылы каракалпакстандык агартуучуларга айлыкты картөшкө, сабиз, ашкабак менен төлөшкөнү кабарланган.

Өзбекстанда соңку эки жылдан бери накталай акчанын тартыштыгы байкалууда. Мунун айынан пенсия жана маяналар айлап кармалууда.

Буга чейин өзбек ММКлары маяна ордуна лампочка жана айыл чарба өндүрүмдөрү жогору баада сатылганын кабарлашкан.

Быйыл февралда «Узбекэнерго» компаниясынын башчысы Искандар Басидов ишкананын 66 миңден ашуун кызматкерин LED үлгүсүндөгү үч лампочканы ай сайын кымбат баада сатып алууга милдеттендирген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG