Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Орусия басып алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Азаттыктын” Крым кызматынын («Крым.Реалии») сайтына бөгөт коюлганын билдирди.

“Крым прокуратурасы чогулткан материалдардын негизинде Роскомнадзор бул долбоорго бөгөт коюу жөрөлгөсүн жүргүзөт”, деп билдирди Поклонская ТАСС агенттигине.

Шаршембиде Орусиядагы жана Крымдагы окурмандар сайтка орусиялык IP даректерден кире албай жатышканын айтышкан.

Жабуу чечимине “Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо” мыйзамы негиз болгону белгиленет. Мыйзамда массалык башаламандыкка, экстремизмге чакырган же макулдашылбаган иш-чараларга катышкан сайттарга чек коюу тартиби каралган.

“Крым.Реалии” Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин ишке кирген. Материалдар орус, украин жана крым-татар тилинде жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG