Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Быйыл Нарында 20 мектеп курулат


Кочкор, Нарын
Кочкор, Нарын

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор районунда өткөн социалдык объектилердин курулушу боюнча семинарда облус боюнча 20 мектеп куруларын билдирди. Семинарды демилгелеп алып барган облус башчы мамлекет тарабынан облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, социалдык объектилерди куруп жаткан курулуш ишканаларын жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

- Быйыл облус боюнча 39 объекттин курулушу жүрөт. Анын ичинен 20сы мектеп. Балдардын билим алуусуна жана мугалимдердин ишине ыңгайлуу шарт түзүп берүү негизги максатыбыз. Колдон келсе салына турчу мектептердин сапатын жогору кылып, тыкыр көңүл бурушубуз зарыл.

Семинардын катышуучулары Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы өткөн жылы пайдаланууга берилген орто мектептин шарттары менен таанышты. Бул айылда сапатсыз курулган мектептин айынан окуучулар жети жыл чатырда окуган. (MiK)

XS
SM
MD
LG