Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

УКМК: “Элдик парламент” лидерлери төңкөрүш аракети үчүн кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, алар козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышкан:

- УКМК тарабынан “Элдик парламент” бирикмесинин жетекчилерине карата кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши “бийликти күч менен басып алууга даярдык жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдык” деген беренелердин негизинде козголду.

УКМКнын маалыматына караганда, тергөөгө чейинки материалдар аталган жарандар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө, бийликти күч менен басып алууга камданып жатканын көрсөткөн. Ошондой эле алар курал колдонууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү үч киши УКМКда сурак беришүүдө.

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө жүрүп жатат.

“Элдик парламент” уюму бүгүн жыйын өткөрүп, 17-майга чейин Атамбаев кызматынан кетүүсүн талап кылган. Алар ошондой эле учурда камакта жаткандар 17-майда бошотулат деп айтышкан эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG