Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

"Эркин Европа-Азаттык" үналгысы Крым сайтынын жабылышын айыптады


Сайттын жабылышы тууралуу кабар.
Сайттын жабылышы тууралуу кабар.

“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” башкы редактору Ненад Пейж радионун Крым кызматынын жабылышын экстремизм шылтоосуна жамынган цензура жана орус, крым элине аннексия тууралуу чындыкты угууга жолтоо болгон агрессиялык аракет деп сындады.

“Биз сайтка бөгөт коюуну “Эркин Европа/Азаттык" үналгысына жана коомчулуктун маалымат алуу укугуна чабуул катары айыптайбыз”, дейт Пейж.

Бүгүн Орусия басып алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Азаттыктын” Крым кызматынын («Крым.Реалии») сайтына бөгөт коюлганын билдирген.

Сайтты жабуу чечимине “Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо” мыйзамы негиз болгону белгиленет. Мыйзамда массалык башаламандыкка, экстремизмге чакырган же макулдашылбаган иш-чараларга катышкан сайттарга чек коюу тартиби каралган.

“Крым.Реалии” Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин ишке кирген. Материалдар орус, украин жана крым-татар тилинде жарыяланат.

XS
SM
MD
LG