Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Баш калаа Багдаддын четиндеги полиция бөлүмүнүн алдындагы кош чабуулда кеминде эки полициячы мерт болуп, 12си жаракат алды. Бул тууралуу Ирак бийлиги кабарлоодо.

Мындан бир күн мурда да Багдаддын өзүндө бир нече жардыруулар болуп, кеминде 93 адам өлүп, 165 адам жаракат алышкан. Эки күндөн берки теракттарга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды.

Бүгүнкү чабуулга күбө болгон полиция кызматкери жанкечти полиция бөлүмүнө кире бериште өзүн жардырганы, удаа эле имарат ичинде экинчи жарылуу болгонун айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG