Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Кыргызстанды тышкы карыз кыйнады


Каркыра жайлоосундагы дүкөн
Каркыра жайлоосундагы дүкөн

Түркмөнстанда жаңы газ кору ачылды, Казакстан бюджетин карыз алуу менен толтурууда, Кыргызстандын тышкы карызы 60 пайыздык тосмодон өттү. Жума ичинде орусиялык ММКда мына ушул борбор азиялык темалар чагылдырылды.

"Независимая газета" АКШ Борбор Азияда чөлкөмдүк электро энергия рыногун түзүүдө деп жазат. Макалада Тажикстан, Ооганстан, Пакистан жана Кыргызстан кирген энергетикалык CASA-1000 долбоору сынга алынган. АКШ менен Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтүүгө даяр бул долбоор 10 жыл мурун сүйлөшүлгөнү Кыргызстандагы Камбар-Ата жана Тажикстандагы Рогун ГЭСтери алигиче курулбаганы баяндалат.

Евразиянын инфраструктуралык өнүгүүсү боюнча адис Кубат Рахимов Кыргызстан менен Тажикстанда кышында көгүлтүр энергия таңкыс экенин айтып, "эки өлкө электр энергия менен Ооганстан жана Пакистанды бир жыл бою үзгүлтүксүз камсыздай албайт" деген.

Энергетика боюнча эксперт Зульфия Марат да Кыргызстандын энергетика тармагында 1,7 миллиард доллар насыя карызы бардыгын эскертип, Бишкектин CASA-1000 долбооруна катышуусу максатсыз деген оюн билдирген. Жалпы наркы 1,17 миллиард долларга бааланган долбоорго Кыргызстандын 209 миллион доллар инвестиция тартуу милдеттенмеси бардыгы кошумчаланат.

"Парламентская газета" Казакстан Орусияны Батыш Европа-Батыш Кытай автожолун курууга шаштырып жатканын баяндайт. Эки өлкө Уфа- Стерлитамак-Оренбург жана Ак-Төбө багытындагы 8,5 миң чакырым автожолун курууну жети жыл мурда макулдашкан. Макалада автожолдун өзүнө тиешелүү бөлүгүн тездик менен куруп жаткан Астана Москваны дагы чамдоого чакырган.

Казактардын шаштырганына Москва казактар жолду республикалык бюджет эсебинен куруп жатса, Орусия ал жол региондордун өз күчү менен салынып жатканын белгилеп, келишим боюнча 2019-жылга чейин убакыты бар экенин эскерткен. Астана Кытайдын сегиз тилкелүү автожолу казак чек арасына жакындап калганын мисал кылып, кытайлар Европага товарды түз жөнөтө баштаса, эки өлкөнүн экономикасы Кытайга көз каранды болуп калат деген чочулоосун жашырган эмес.

Регнум маалымат агенттиги Казакстан өлкө бюджетиндеги таңкыстыкты жабуу үчүн Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан 1 миллиард доллар карыз алганын кабарлайт. Бул банк карызды 20 жылдык мөөнөткө берген. Казакстан мамлекттик бюджетти толуктоо үчүн карыз алса, Кыргызстандын тышкы карызы 60 пайыздык тосмодон өтүп кеткенин "Независимая газета" да маалымдайт. Жалпысынан 3,8 миллиард долларга жеткен карызды өлкөнүн калк башына бөлсө, ар бир кыргызстандыкка 600 доллардан ашуун карыз туура келет. Макалада тышкы карыздын 60 пайыздан ашып кеткени өлкөдө көйгөйлөр күчөп, мамлекеттин туруктуулугу алсыздап жатканын түшүндүрөт деп айтылат.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү кыйын кырдаалдан чыгууну мамлекеттик активдерди сатуу аркылуу чечүүгө аракеттенип жатканы кошумчаланат. 11-майда өлкөдө "Мегаком" деген ат менен белгилүү «Альфа-Телеком» уюлдук байланыш ишканасы сатыкка чыгарылып, кардардын жогун өтпөй калганын орусиялык агенттик баса белгилейт.

РИА Новости Түркмөнстандын түштүк-чыгышында жаңы табигый газ кору ачылганы тууралуу маалымдайт. Жаңы кор белгилүү “Галкыныш” газ кенине жакын жерден табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ал жерде күнүнө 600 миң кубметр газ алынышы мүмкүн. Мунай зат экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунун акыркы маалыматына ылайык, Түркмөнстан жылына 74 миллиарддан ашуун метр куб газ өндүрүп, дүйнөдө 112-орунду ээлейт. Ал эми мурунку совет өлкөлөрүнүн ичинен Орусиядан кийин турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG