Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Ош мэрине Кадырбаевдин талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү


Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев

Ош шаардык кеңешинин Социал-демократтар фракциясынын депутаттары учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевди шаар башчылык кызматта экинчи мөөнөткө калуусун сунуштады. КСДПнын мындай сунушун Ош шаардык кеңешиндеги “Бир бол”, “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан турган жалпысынан 27 депутаттан куралган “Мыйзам жана ыйман” коалициясы толук колдоду. Оппозициялык азчылык азырынча талапкер боюнча сунуш бере элек.

Ош шаарынын башчысын шайлоо 25-майда өтөөрү болжолдонууда. Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. (YI)

XS
SM
MD
LG