Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн башкы прокурорлугуна Юрий Луценконунун талапкерлигин жактырды. Луценкону парламентке президент Петро Порошенко сунуштаган. Парламенттин чечиминен соң президент Луценкону башкы прокурорлукка дайындоо тууралуу буйрукка кол койду.

Бейшембиде Украина парламенти башкы прокурордун кызмат ордун юридикалык билимге ээ болбогон адамды дайындоого жол ачкан мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Мурунку прокурор Виктор Шокин апрель айында коррупциялык иштерге жана реформаны ишке ашырбаганы үчүн айыпталып, кызматтан бошотулган.

Парламенттеги “Петро Порошенконун блогу” фракциясынын лидери 51 жаштагы Юрий Луценко украин саясатындагы салмактуу саясатчылардын бири. Ал буга чейин ички иштер министри болуп эмгектенген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG