Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Орусия Түркиядан жер-жемиш алууга толугу менен тыюу салышы мүмкүн


Түркия

Түркия

Россельхознадзор мекемеси 16-майдан тарта Түркиядан жер-жемиш жана жашылча алып келүүгө толугу менен тыюу салышы мүмкүн. Мындай чечим Түркиядагы карантиндик объекттердин табылышына байланыштуу болууда.

"Бул боюнча чечим дүйшөмбү күнү кабыл алынышы мүмкүн" деп билдирди Россельхознадзордун жетекчи орун басары Юлия Швабаускене орус маалымат каражаттарына.

Анын айтымында, кийинки жума башында Орусияда жер-жемиштерди сатып алууга тыюу салуу боюнча жыйын өткөрүлөт. Анда лимон, экзотикалык жемиштерди ташууга тыюу салынышы мүмкүн.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай чечимди кабыл алуунун эч кандай саясий максаты жок экенин жана Россельхознадзор мекемеси саясат менен алектенбей турганын билдирди.

Буга чейин Орусия Түркиядан жашылча-жемиш киргизүүгө тыюу салган. Былтыр ноябрда Түркия орус учагын атып түшүргөн соң эки мамлекеттин мамилеси кескин начарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG