Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын кичинекей тургуну, тубаса майып Нуржигит тууралуу “Азаттыктын” тасмасынан кийин ага жардам берүүнү каалагандар көбөйдү. Бүгүн социалдык өнүктүрүү, билим берүү министрлигинин жетекчилери барып, анын муктаждыктарын аныктап, берилүүчү жардамдар боюнча маалымат алып келишмекчи.

Мындан тышкары Нуржигитке чет өлкөдөн операция кылууну сунуштап, ага акчалай жардам берүүнү сунуштагандар да көп болууда.

Парламенттеги социал-демократтар фракциясы майып балага акчалай жардам берүүнү көздөп жатканы маалым болду.

Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын кичинекей тургуну, алты жаштагы Нуржигиттин буту баспайт. Апасынын айтуусунда ушундан улам бала мектепке бара албай, теңтуштарынан алыстап, чүнчүп кеткен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG