Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун сөөгү жерге берилди


Жолдошбек Зарлыкбеков

Жолдошбек Зарлыкбеков

Белгилүү акын жана журналист Зарлыкбековдун сөөгү Бишкектин чыгыш тарабындагы көрүстөнгө коюлду. Сөөк коюу зыйнатына маркумдун жакындары, жердештери, кесиптештери, Жазуучулар жана Журналисттер союзунан өкүлдөр катышты.

Акын, журналист, публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 58 жашында узакка созулган оорудан соң 10-майда дүйнөдөн кайтты. Анын ыр китептери көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпаганы менен, маалымдоо каражаттары аркылуу өз окурмандарын таап, атын тааныта алган. Жолдошбек Зарлыкбеков элге кеңири таанылган “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеп, өзүнүн кесипкөй журналист экендигин далилдеген.(ZA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG