Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 21:45

Аталган мыйзамдын демилгечилери депутаттар Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, азыркы мыйзам боюнча референдумду президент дайындайт, сунушталып жаткан долбоордо мыйзам аркылуу дайындалат. Бул мыйзамдын демилгечилери өкмөт, депутаттар жана 10 миң шайлоочу боло алат:

"Референдум болобу же болбойбу мыйзам даяр турушу зарыл. Башкы максат – нормаларды Конституцияга ылайык келтирүү. Жаңы мыйзамга референдумга биометрикалык каттоодон өткөндөр катышууга укуктуу деген өзгөртүүлөр кошулду", - деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов бул мыйзам тезирээк кабыл алынышы керектигин белгиледи. Жалпысынан фракция депутаттары мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Кыргызстанда акыркы референдум 2010-жылы 26-июнда өткөрүлгөн. Анда эл Баш мыйзамдын редакциялануусуна жана Роза Отунбаеванын мамлекет башчылыгына келүүсүнө макулдугун берген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG