Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Нарында жаңы медициналык борбор ачылды


"Агахан" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Нарын шаарында медициналык-диагностикалык борбор ачылды. Аталган борборду ишке берүү үчүн 1.2 млн АКШ доллары керектелген. Бул медициналык борбор лаборатория, УЗИ, рентген, кольпоскопия, гастроэндоскопия жана ЭКГ жабдыктары менен камсыздалып, үй-бүлөлүк медицина, терапия, педиатрия, кардиология, гинекология кызматтары бар. Медициналык борбордо көрүнүү акысы чоң кишилер үчүн 250, балдарга 200 сом турат.

Мындай медициналык борбор Нарында биринчи ирет ачылып жатат. Буга чейин жергиликтүү тургундар саламаттыкты сактоого тиешелүү аппараттардын жетишсиздигинен Бишкек шаарына барып көрүнүп келишчү.(MiK)

XS
SM
MD
LG