Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Түркияда күрт күчтөрү менен аскерлер кагылышып 14 адам өлдү


Күрт жумушчу партиясынын мүчөлөрү менен салгылашта Түркиянын сегиз жоокери жана аталган партиянын алты өкүлү мерт болду. Салгылашуу 13-майда Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында, күрттөр байырлаган жерде болгонун жергиликтүү булактар кабарлашты.

Өкмөт күчтөрү тараткан билдирүүгө ылайык, аскерлердин алтоо Хакари провинциясындагы кагылыш учурунда каза таап, сегизи жараат алган. Дагы эки жоокер техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган тик учакта набыт болду. Билдирүүдө айтылгандай, Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери деп шектелген алты адам атайын операцияда өлтүрүлгөн.

Түркияда күрт күчтөрү менен өкмөт ортосундагы жаңжалдар соңку кездери күчөп кетти.

1984-жылы күрттөр автономия сурап чыккандан бери, ар кандай кагылыштар жүрүп 40 миңдей адам курман болду.

XS
SM
MD
LG