Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Иракта кафеге жасалган чабуулдан ондон ашуун адам өлдү


Багдад шаарынан 80 км алыстагы Балад калаасындагы кафелердин бирине бүгүн куралчан топ чабуул коюп, андан бери дегенде 13 адам мерт болду, 15тен ашуун киши жараат алды. Окуяга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Балад шаарынын көпчүлүк тургундары мусулманчылыктын шиит агымын колдошот.

Эки күн мурун Багдаддагы ачык базарда жардыруу болуп, 93 кишинин жаны кыйылган. Анын эртеси согушкерлердин чабуулунан эки полиция кызматкери мерт кеткен. Кол салуулардын баарына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG