Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

HRW уюму Анжиян кыргынына жооптууларды жазалоого чакырды


Анжиянда 2005-жылы демонстрацияга чыккандардын көбү камалган.
Анжиянда 2005-жылы демонстрацияга чыккандардын көбү камалган.

Жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган Анжиян калабасынын 11 жылдыгына карата эл аралык Human Rights Watch адам укуктарын коргоо уюму Батыш мамлекеттерине кайрылып, 2005-жылкы кооганы унутпоого чакырды.

“Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги жана башка эл аралык саясий топтор Анжиян кыргынына жооптуу Өзбекстан өкмөтүн жоопкерчилик алууга чакырышы зарыл”, - деп жазылат баяндамада. Анда өкмөт күчтөрү жайкын тургундардын жанын кыйганы айтылат.

Баяндама Борбор Азиядагы адам укуктары уюму, Чек арасыз кабарчылар, Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча эл аралык кызматташтык уюму, Кыйноолорго каршы христиандар кыймылынын билдирүүлөрүнүн негизинде даярдалган.

Өзбек өкмөтүнүн маалымдашынча, 2005-жылы 13-май күнкү демонстрацияны басуу учурунда 187 адам набыт болгон. Бирок көз карандысыз булактар булоондо андан көп адам өлгөн деп ырасташат.

Анжияндагы көтөрүлүштө демонстранттар камакка негизсиз отургузулду деп эсептешкен 23 ишкерди коё берүүнү талап кылышкан эле. 13-майда түштөн кийин шаарга киргизилген аскерлер элге ок ачкан. Алты жүздөн ашуун өзбекстандык Кыргызстанга качып өтүп, кийин БУУнун жардамы менен башка мамлекеттерге качкын катары жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG