Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Eurovision-2016: бүгүн жеңүүчү аныкталат


Швециянын Стокгольм шаарында бүгүн Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагынын финалы өтүп, жеңүүчү аныкталат. 10-12-май күндөрү өткөн жарым финалдан соң баш байге үчүн ат салышуучу 26 мамлекеттин ырчылары көрөрмандардын добушу менен тандалган. 16 мамлекет жетиштүү добуш албай мелдештен чыккан.

Финалга чыккан мамлекеттер:

Азербайжан, Армения, Австрия, Австралия, Бельгия, Болгария, Британия, Венгрия, Германия, Голландия, Грузия, Кипр, Латвия, Литва, Мальта, Израил, Италия, Испания, Орусия, Польша, Сербия, Украина, Хорватия, Франция, Чехия жана Швеция.

Жарым финалдан өтпөй калган өлкөлөр:

Исландия, Черногория, Эстония, Сан-Марино, Молдова, Грекия, Албания, Босния-Герцеговина, Беларус, Дания, Македония, Норвегия, Словения, Швейцария, Ирландия жана Финляндия.

Европа телеберүү бирикмеси 61-ирет өткөрүп жаткан сынак быйыл “Бириккиле” деген ураан менен уюштурулду. Он алты миң кишиге ылайыкталган “Эрикссон-Глоб” ак сарайында өтүп жаткан сынакты быйыл АКШнын GloboTV каналы да түз алып көрсөтүүдө.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери уюштурулат. Эреже боюнча утуп чыккан ырчынын мекенинде кийинки ыр-мелдеш өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG