Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

УКМК Нурлан Мотуевди кармап кетти


21-ноябрь, 2008-жыл
21-ноябрь, 2008-жыл

13-майдын кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуевди кармап кетишти.

Маалыматтарга караганда, Мотуев кечээ өткөн "Элдик парламенттин" жыйынында өлкөгө шариат мыйзамдарын киргизип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобунун можахеддериндей жашоого үндөгөн.

12-майда "Элдик парламенттин" лидери Бекболот Талгарбеков, мүчөлөрү Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган деген кине менен кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, тергөөгө чейинки материалдар бул жарандар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө, бийликти күч менен басып алууга камданып жатканын көрсөткөн. Ошондой эле алар курал колдонууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Ушул тапта үч киши УКМКда сурак беришүүдө.

Кармалгандар болсо өздөрүнө коюлган бардык дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG