Чек ара кызматынын билдиришинче, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Теректи аймагында чек араны бузган төрт тажик жараны колго түшүрүлдү. Алардын жанында ким экендигин көрсөткөн документтери болгон эмес. Жарандар Кыргызстандын аймагына жумушка жалданып келишкен. Аларга мыйзам чегинде айыппул салынды.(AzK)