Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Кыргызстандын атын тааныткандардын апалары сыйланат


Энелер күнүн белгилөөнүн алкагында бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Орусияда метрого түшүп кеткен аялды куткарган Марат Исаевдин, спортчулар Валентина Шевченко менен Айсулуу Тыныбекованын, футбол боюнча эл аралык калыс Бахадыр Кочкаровдун жана “Азия MIX” КВН тобун түзгөн Элдияр Кененсаровдун апаларына сыйлык тапшырат.

Мындан тышкары президент жетиден ашык бала чонойткон 1902 аялга “Баатыр эне”, алтыдан ашык бала өстүргөн 437 аялга “Даңк” медалын ыйгарууну буйрук кылды.

Кыргызстанда эртең 15-майда энелер күнү белгиленет. Бул датаны белгилөө чечими 2012-жылы кабыл алынган. (AzK/YI)

XS
SM
MD
LG