Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Бразилия: Дилма Руссев убактылуу өкмөттү сындады


Дилма Руссев
Дилма Руссев

Руссев мурдагы вице-президент Мишел Темер кураган убактылуу өкмөт жалаң ак эркектерден турат деп сындады. Бразилияда бул 1979-жылдан берки курамында аялзаты жок биринчи министрлер кабинети болуп калды. Руссеф бразилиялыктар этникалык жактан ар түрдүү улуттан куралганын эскертип, азыркы өкмөт өлкө тургундарынын бардыгынын кызыкчылыгына төп келбей турганын билдирүүдө.

Русевдин өкмөтүндө 31 мүчөнүн жетөө аял болчу.

Бразилияда президент Дилма Руссефти импичмент аркылуу кетиришүүдө. Импичмент жараянды баштоо сунушун парламенттин жогорку палатасы - Сенат колдогондон кийин өлкөдө президенттин милдетин аткаруучу ишке киришти. Ал эми ыйгарым укугу токтотулган Руссеф окуяны "бийликти эңсеген оппозициянын төңкөрүшү" деп атап, актыгы үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтууда.

Бразилияда президенттин азырынча убактылуу болсо да алмашып жатышы өлкө августта Рио-де-Жанейродо өтчү Олимпиаданын алдына туш келди. Бийликтер саясий чалкештиктердин Олимпиадага зыяны тийбейт деп ырастоодо.(AzK)

XS
SM
MD
LG