Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Алайда териси сыйрылган эшек эти табылды


Бул туурасында “Азаттыкка” жергиликтүү тургун Сабыр Калмаматов билдирди. Маалыматка караганда өлтүрүлүп, териси сыйралган сегиз эшек Жылуу-Суу участкасынан табылган. Буга чейин да аймакта мындай эки окуя катталып, биринчисинде жети, кийинкисинде төрт эшектин эти табылган. Сабыр Калмаматов бул окуяларга жергиликтүү бийлик чара көрбөй жатканын билдирди.

Кыргызстанда былтыр Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде 600дөн ашуун эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканда коомчулукка шардана болгон. Мындан улам элде эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн деген күдүк ой жаралган. Бирок аны иштеткендер эшектин жиликтерин жана терилерин Кытайга экспорт кылышарын айтышкан. Кыргызстандагы “Конфуций” институттарынын биринин кызматкери Минчжу Ли Кытайда эшектин эти жана териси илгертен бери эле баалуу экенин, өзгөчө анын терисинен пайдалуу дары-дармектер жасаларын билдирген эле. (AzK\ErN)

XS
SM
MD
LG