Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Испаниянын Сесен шаарындагы түтүндөн улам 8 миң киши эвакуацияланды


Испаниянын Сесен шаарына жакын жерде, Мадрид шаарынан түштүк тарапты көздөй 35 чакырым аралыкта жайгашкан дөңгөлөктөрдүн таштанды жайында бейшемби күнү түнү өрт чыккан. Таштандынын аянты 15 футбол талаасы менен барабар. Өрттөн улам асманга көтөрүлгөн коюу, уулуу түтүн шаар тургундарына коркунуч келтирүүдө. Азырынча өрттөн жабыркагандар туурасында маалымат жок.

Укук коргоо кызматкерлери таштанды аймагына бирөө жарым өрт койгон деген версияга ыктап жатышат. Анткени жаанчыл аба ырайында ал жерде өзүнөн өзү өрт чыкмак эмес.

2015-жылы жергиликтүү бийлик таштандыны утилизациялоо боюнча компанияны табууга аракет кылган эле. Ал жерде 90 миң тонна жарактан чыккан автоунаа дөңгөлөктөрү чогулган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG