Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

“Тайлак Баатыр” фильмине сценарий жактырылды


Тарых жана маданият жылына даярдык менен кошо аны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын кабарлашынча, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө толук метраждуу тарыхый “Тайлак Баатыр” тасмасын тартуу боюнча сценарий талкууланды.

Мыкты сценарий үчүн Кинематография департаменти тарабынан жарыяланган сынакта эксперттер кеңеши Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана Бакыт Турдубаевдер биргелешип жазган сценарийди тандашты.

Аталган сынак 2016-жылдын 30-апрелинде аяктаган. Көркөм тасманы тартуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Комплекстүү пландын 36-пунктунда бекиген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG